Ссылки доступа

Германия оогандык бозгундарды кайра кайтарбоону чечти


Германиянын Тышкы жана Ички иштер министрликтери Ооганстандагы кырдаалды кайра баалап, "коопсуз" өлкөлөр тизмесинен чыгарды. Буга ылайык, ооган бозгундарын мекенине кайтаруудан баш тартты.

Буга чейин немис өкмөтү Ооганстандагы коопсуздук жагдайы канааттандырарлык деп эсептеп келген. Ага байланыштуу качкын макамын сурагандарды кайра артка кайтарып жаткан. Өткөн жылы ноябрда 10 миңдей оогандыкты депортациялоо чечими кабыл алынган.

Ал эми быйыл Кабулда 80 адамдын өмүрүн алган теракт болгондон кийин мамиле өзгөргөн.

Ушу тапта Германияда 250 миңдей Ооган жараны бар. Алар жалпы оогандык качкындардын 5% түзөт. Бул өлкөдө "Талибан" баштаган экстремисттик топтор менен бийликтин кармашы ондогон жылдардан бери токтобой келет.

XS
SM
MD
LG