Ссылки доступа

Курулушу бүтпөгөн мектеп (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Курулушу бүтпөгөн мектеп. Жерүйдүн эсебинен курулмак болгон жүз мектептин ичине кирген Нарын районундагы Эчки-Башы айылындагы орто мектептин курулушу бул жылы да бүтүшү күмөн. (Директтен видео)

-​ Орусия эмне үчүн Крымда «аскер-деңиз» флотун күчтөнтүүдө? Орусия жыл сайын июлдун акыркы жекшембисинде Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилейт. 2011-жылы Украина Орусия менен достугун бышыктап, өз флотунун күнүн белгилөөнү ушул датага өзгөрткөн. (Директтен видео)

- Дайыма суу болушун кааласаң президентке жакын жаша. Бишкектин четиндеги айылдардын көбү суусуз жашап келишет. Тургундардын көбү сууну тоонун тик боорунда жайгашкан булактан алышат. Ошол эле маалда өлкө президенти Алмазбек Атамбаев жашаган коңшу айылдын жашоочуларында сууга байланышкан эч кандай көйгөй жок. (Настоящее время)

- Жоголуп кетүү коркунучунда: караимдердин жергиликтүү эл макамына укуктары барбы? Караимдер Крымды туулуп өскөн жери катары эсептешет. Учурда дүйнө жүзү боюнча алардын саны бир канча миңге гана жетет. (видео Директ)

- Абайдын эстеликтери. 10-августта — Абайдын туулган күнү. Анын урматына Казакстандын аймактарында жана жакынкы өлкөлөрдө тургузулган монументтердин сүрөттөрү. (сүрөт баян)

- Кремлдин көзөмөлүндөгү Симферополдун Киев райондук соту 9-августта «Хизб ут-Тахрир» иши боюнча кармалган беш адамдын камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. (Директтен видео)

- Кайназар айылындагы мугалимдердин нааразылыгы уланууда. Алматы облусунун Жамбыл районундагы Кайназар орто мектебинин мугалимдери райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин айткандарына карата нааразылыктарын билдирип жатышат. Ал «мугалимдердин билими төмөн жана көпчүлүгү Каракалпакстандан чыккан» деп билдирген. (Директтен видео)

- Орусия менен Украинанын чек арасына дубал тургузууда акча уурдаган деп шектелип жети киши кармалды. Украинада өлкөнүн Орусия менен чек арасына дубал куруу үчүн бюджеттен бөлүнгөн акчаны сарптоо иши боюнча жети киши кармалды. (Настоящее время)

- Кум мелдештери. Лос-Анжелесте кумдан хан сарайларды курууну сүйүүчүлөрдүн арасында мелдештер өттү. (Настоящее время)

- Киевде Дүйнөнүн жергиликтүү элдеринин эл аралык күнүндөгү ырлар жана бийлер. 9-августта Дүйнөнүн жергиликтүү элдеринин эл аралык күнүнө карата Украинанын Маалыматтык саясат министрлиги, Межлис жана Америка үйү «Крым кечесин» өткөрүштү. (Директтен видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG