Мамдепартамент Орусияны «Грузиянын аймактык бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүн сыйлоого» жана аскерлерин 2008-жылкы согушка чейин турган аймактарга алып кетүүгө үндөдү. АКШ ошондой эле Москва Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу чечимин кайра карап чыгышы керектигин да белгиледи.
«Беш күндүк согуш» деп аталган 2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда Грузия 412 жаранын жоготуп, Орусиянын 67 аскери мерт болгон. Согуштан кийин Түштүк Осетия өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялаган. Аны Орусиядан тышкары үч өлкө — Никарагуа, Венесуэла жана Науру тааныган. Тбилиси, ошондой эле батыш өлкөлөрү ал аймакты Грузиянын бир бөлүгү катары эсептешет.