Ссылки доступа

Ашхабаддагы автобус айдоочулары Азиадага карата униформа кие башташат


Акыркы бир канча жылдан бери ак көйнөк, кара шым, кара галстук жана тебетей кийип келген Ашхабаддын автобус айдоочулары эми Азия оюндары үчүн атайын тигилген жаңы униформага өтүшөт.

Айдоочуларга арналган жаңы униформа бардыгы жашыл түстө болгон шымдан, көйнөктөн, галстуктан жана тебетейден турат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына автобус айдоочуларынын бири билдирди.

Анын айтымында, азырынча компания кызматкерлеринин ченемдерин гана алып кетишти. Ошондой эле учурда униформанын баасынын канча болору да белгисиз.

Азия-2017 оюндарынын алдында Ашхабадда эл аралык мелдештер үчүн деп сатылып алынган жогорку ыңгайлуулуктагы 640 автобустун 200ү иштей баштады.

Андан сырткары Ашхабадда ак түстөгү жаңы таксилер да жүрө баштады. Алардын айдоочулары да жашыл униформа жана түркмөн улуттук тебетейин кийишет.

XS
SM
MD
LG