Ссылки доступа

Алматыдагы учак кырсыгынын болжолдуу себеби айтылды


Алматыдан алыс эмес жерге кулап, эки кишинин өмүрүн алган кырсыкка учактын асманда көтөрүлүү күчүн кескин жоготушу себеп болгону болушу мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Инвестициялар жана өнүктүрүү министринин алдындагы Транспорт кырсыктарын иликтөө департаментинин директору Жаныбек Тайжанов билдирди.

Анын айтымында, учактын көтөрүлүү күчүнүн төмөндөшүнөн улам аба кемеси толугу менен күйүп кеткен. «Кырсык болгон маалда учактын ичинде эки киши болгон, экөө тең каза болду», — деди ал.

Жарандык авиация академиясына таандык Tecnam 2002 учагы 10-август күнү эртең менен Азем аэродромунан эки чакырым алыс аралыкта кулап, курсант менен инструктор-учкуч каза болгон. Анда бир моторлуу, эки орунду жапыс учуучу учак окуу-машыгуу тапшырмаларын аткарып жүргөн.

Тайжанов тергөө иштери аяктаганга чейин каза болгондордун аты-жөнү жана жаш курагы айтылбастыгын билдирди. Ал учакты Жарандык авиация академиясынын алдындагы Part-FCL тренинг-борбору колдонуп жүргөнүн кошумчалады. Күбөлөр тартып алган сүрөттөргө ылайык, учак адамдар жашаган конуштан ондогон метр алыс жерге кулап түшкөн.

XS
SM
MD
LG