Ссылки доступа

Кытай АКШ кемесинин талаштуу аралга жакындашын айыптады


АКШнын аскер кемеси

Кытай америкалык согуштук кеменин Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аралдын акваториясына киргенине карата нааразылыгын билдирди.

Буга чейин АКШ өкүлдөрү Reuters агенттигине Кошмо Штаттардын аба-деңиз күчтөрүнүн кемеси Спарли архипелагынын жанынан өткөнүн билдирген. Бул район Кытай менен анын коңшуларынын ортосундагы аймактык талаштардын бири болуп эсептелет.

Пекин 2016-жылы июлда Кытайдын Түштүк-Кытай деңизиндеги аймактарга тарыхый укугу жок деген өкүм чыгарган Гаагадагы эл аралык соттун чечимин таануудан баш тарткан. Кытайдын бул боюнча дооматтарын Вьетнам, Филиппины,Малайзия жана Индонезия өлкөлөрү тааныбайт.

АКШ деңизде сүзүү эркиндигин эл аралык мыйзамдарга ылайык камсыздоо зарылдыгын айтып келет.

XS
SM
MD
LG