Бул Кремлдин АКШга контрсанкцияларды киргизүү чечими боюнча Трамптын алгачкы билдирүүсү болду.
АКШ президенти мындай пикирин былтыркы шайлоо өнөктүгү маалында Орусия менен Трамптын штабынын ыктымал байланыштары иликтенип жаткан маалда айтты. Ал буга чейин штабынын мурдагы башчысынын үйүндө ФБРдин тинтүү жүргүзгөнүнө таң калуусун билдирген.
Президент менен маектешкен журналисттер Путиндин дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү кызматкерлерди кыскартуу чечими мамлекеттик каражатты үнөмдөөгө жардам берери боюнча Трамптын тамашалаганы же чынын айтканы түшүнүксүз болуп калганын айтышты.
"Мен ага ыраазычылык билдиргим келет, анткени азыр биз кызматкерлер үчүн кеткен чыгымдарды азайтууга аракет кылып жатабыз. Алар кайрадан барышпайт. Биз көп акча үнөмдөйбүз, - деди Трамп.