Ссылки доступа

Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту


“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары ачкачылык акциясын токтотушту. Бул тууралуу акциянын катышуучуларынын бири Айбек Султанкулов “Азаттыкка” билдирди.

- Ачкачылыкты токтоттук. Эч кандай жыйынтык болгон жок. БШК Текебаевди кыргыз тил сынагына киргизген жок. Эми башка кадамдарга барабыз, - деди Султанкулов.

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Текебаевдин беш тарапташы анын кыргыз тил сынагынан өтүшүн талап кылып, 11 күн ачкачылык кармады. Аларга кийин Базар-Коргондон жети адам кошулган.

Боршайком 10-августтагы отурумунда Текебаевди тил сынагына киргизбөө чечимин кабыл алган. Текебаев менен Чотоновдун соту кечээ уланып, тараптар жарыш сөзгө чыгышкан. Сот тыныгуусуз кечке чейин улангандыктан Текебаевдин кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакыртылган. Буга удаа ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулунун да саламаттыгы начарлап, врачтардан жардам алган. Соттук отурум бүгүн улантылат, жактоочулардын айтымында, кечке жуук өкүм чыгышы мүмкүн.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-депутат Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" уюлдук компаниясына байланыштуу орус жаранынан ири суммада пара алган деген айып менен соттолууда. Алардын тарапкерлери бул ишти саясий куугунтук деп атап жатат. Ишти козгогон Башкы прокуратура саясат менен байланыштырууга негиз жок деп билдирип келет.

XS
SM
MD
LG