Ссылки доступа

Иранда «батыш бийлерин жайылткан» жаштар камалды


Иран бийлиги «батыш» бийлерин «жайылтуу» аракетин көргөн алты адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазышты.

Маалыматка караганда, 10-августта Ислам революциясын коргоо корпусу тарабынан өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан Шархуд шаарында төрт жигит жана эки кыз кармалганы айтылат.

Корпустун жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы Хамид Дамганинин айтымында, кармалгандар жаштарды «батыш бийлерге үйрөтүп, ал боюнча видеолорду жайылтуу менен алектенген түйүндүн мүчөлөрү» болуп эсептелишет. Алар социалдык түйүндөргө зумба бийин бийлегендердин видеолорун жайгаштырып, өз билдирүүлөрүндө элдин көзүнчө жоолуктарын чечкен мусулман кыздарды кубаттап жүргөндүктөрү айтылууда.

Бул сыяктуу рейддер менен камакка алуулар консервативдик Иранда көп болуп турат. 9-августта мамлекеттик ММКлар аймактагы Исфахан шаарындагы бассейнде «жарым жылаңач» жүргөн өспүрүм балдар менен кыздар кармалганын билдиришкен. Анда алардын бийлеп, спирт ичимдиктерин ичкендиктери да кабарланган.

XS
SM
MD
LG