Ссылки доступа

Тажикстанда аскер аэродромун кеңейтүү үчүн үйлөр бузулууда (видео)


"Сказали: у вас 24 часа": в Таджикистане сносят дома рядом с аэродромом Айни
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Тажик бийлиги Айни аэродромунун аянтын кеңейтүү үчүн стратегиялык объектинин жанындагы 400 турак-жайды бузууда. Үй ээлерине жер тилкесин жана курулушка акча бөлүп берүү убадаланган. Бирок азырынча тургундар акчаларын алыша элек.

Дүйшөмбүдөн алыс эмес жайгашкан Гиссар районундагы Айни аэродрому – стратегиялык маанидеги объект: анда тажик аскер-аба күчтөрүнөн сырткары орус армиясынын авиациясы да жайгашкан.

Тажикстан бийлиги жакында аэродромдун аянтын 250 гектарга чейин кеңейтүү үчүн анын айланасындагы 400 турак-жайды бузууну чечкен. Азырынча 22 үй жарым-жартылай бузулуп бүтүп, дагы 48и кезекте турат.

«Бизге үйдү бошотууга 24 гана саатыбыз бар экенин айтышты. Эртеси эле тракторлор келип иштей башташты», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

"Сказали: у вас 24 часа": в Таджикистане сносят дома рядом с аэродромом Айни
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00

Бийлик үйлөрү бузулган жарандарга жер тилкесин жана жаңы турак-жай курулушуна акча бөлүп берүүнү убадалаган. Бирок азырынча аларга жер тилкелери гана берилип, адамдар бузулган үйлөрүнүн урандыларында жашоого мажбур болушууда.

Бийлик жалпы бузулган үйлөрдү жарым миллион долларга баалады. Бул ар бир үй ээси болгону 200-300 миң сомони ($22-34 миң) алат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG