Ссылки доступа

Орусияда ФСБ мигранттарды масштабдуу түрдө "тыңчылыкка" тартууда


Тажик мигранттары ФСБ кызматкерлери “шектүү жердештери” тууралуу маалымат жеткирип турууну талап кылган учурлар көйбөйгөнүн билдиришүүдө. Мындай кырдаал 14-августта Москва аймагында теракт жасоого даярданган топ кармалгандан кийин күчөгөн.

Эмгек мигранттарынын бирикмесинин өкүлүнүн айтымында, атайын кызматтар “Сахарово” борборунда, курулуштарда жана жатаканаларда борборазиялыктарды өзүнө тартуу иштерин алып барышат. Бирок акыркы күндөрү алар мындай аракеттерди түз эле Москва көчөлөрүндө дагы көрүп башташты.

Тажикстандык мигрант Ширинджон Каландаровду жөнөкөй кийимчен эки адам метрого кире бериште токтоткон. Алар өзүлөрүн ФСБ өкүлдөрү катары тааныштырышып, документин жана мобилдик телефонун текшерип чыгышкан соң, шектүү мигрант жердештери тууралуу кабар берип турууну сурашкан. “Кабар берип турсаң акча аласың дешти. Баш тартсам, коркутушуп, ойлонуп көрүү үчүн бир жума убакыт беришти”, – деди Ширинджон.

Москвадагы “Этмос” уюмунун башчысы Каримджон Ёров ФСБ кызматкерлери жердештери тууралуу маалымат жеткирип туруудан баш тарткан мигранттарды депортациялоо менен опузалашарын билдирди.

XS
SM
MD
LG