Ссылки доступа

Өзбекстандын Жогорку соту имаратына «чабуул» жасалганын четке какты


19-августта Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы жарандар тарабынан мекеме имаратына «чабуул» жасалгандыгы тууралуу маалыматы четке какты. Өткөн жумада Ташкентте Жогорку соттун төрагасы менен жолугушууга жазылган жарандар ысыкта көпкө күтүүдөн тажап, дарбазаны күч менен ачып короого кирип баргандыктары кабарланган.

Жогоку соттун билдирүүсүндө маалымат бурмаланганы айтылат.

Айрым ММКлар ачууланган 300-400 адам дарбазанын кулпусун бузуп ичкери кирип барышканын жазышкан.

«Кабыл алуу маалында Жогорку соттун алдында кезек күтүп турган бир нече жаран дарбазаны ачып, имараттын ичине кирип барышкан. Алар кабыл алууга кезексиз кирүүнү каалашкан. Жарандарга кабыл алуунун эрежелери түшүндүрүлдү. Андан соң алардын бир нечесин Жогорку соттун төрага орун басары, калганын төрага өзү кабыл алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку соттун маалыматына ылайык, 15-августта төрага жалпысынан 100дөн ашык жаранды кабыл алган. Андан тышкары ал күнү жарандык, кылмыш, административдик жана экономикалык иштер боюнча 27 кишинин арыздары менен даттануулары, ошондой эле 72 адамдын ар түрдүү маселелер боюнча оозеки кайрылуулары кабыл алынган. Билдирүүдө соттун төрагасы менен орун басары жарандарды күн сайын кабыл ала тургандыктары белгиленген.

XS
SM
MD
LG