Ссылки доступа

Мирзиёев төрага жана премьер-министр менен жолукту


Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 6-сентябрда Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууга Жогорку Кеңештин фракция лидерлери, эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитеттеринин башчылары катышты.

“Акыркы убакта Кыргызстан эли эки өлкө ортосундагы мамилелердин жакшы жагына өзгөрүп жатканын астейдил сезүүдө. Бул түштүк аймактарга гана эмес, түндүккө, өзгөчө Ысык-Көл облусуна дагы тиешелүү. Буга авиалиниянын ачылышы далил. Биз, Жогорку Кеңеш Өзбекстан парламенти менен ымаланы бекемдөөгө кызыктарбыз”, – деди Чыныбай Турсунбеков.

Өз кезегинде Шавкат Мирзиёев Өзбекстан үчүн кыргыз эли бир тууган экенин билдирди. Ал сапары жемиштүү өтүп жатканын айтты. “Саясий эрктин аркасында көп маселелерди чечип, бир катар маанилүү документтерге кол койдук. Эми аларды иш жүзүнө ашыруу керек, эки өлкө парламенттери бизди колдошот деп үмүттөнөм”, – деди Мирзиёев.

Өзбекстан президенти Кыргызстанда боло турган президенттик шайлоого дагы токтолду. “Мен акылман кыргыз эли татыктуу талапкерди тандап, Кыргызстан менен Өзбекстанды жакындатууга багытталган Алмазбек Атамбаевдин саясатын улантат деп ишенем”, –деди өзбек президенти.

Өзбекстан башчысы премьер-министр Сапар Исаков менен дагы жолугушту. Жолугушууда ал “Чын эле Анжиянга ээн-эркин каттап калабызбы деп жатышат. Ооба, катташат. Бул үчүн элге шарт түзүшүбүз керек” деп айтты.

XS
SM
MD
LG