Ссылки доступа

Тажикстанда "согуш министринин" туугандарынын иши тергелип бүттү


Тажикстандын Башкы прокуратурасы Тажикстан ОМОНунун мурдагы кол башчысы жана ИМ тобунун “согуш министри” Гүлмурод Халимовдун үч тууганына карата сотко чейинки териштирүүлөрүн аяктады. Алар жалданмачылык, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүүгө айыпталышууда.

Бозгундагы полковник жана “Ислам мамлекети” тобунун “согуш министринин ”бир туугандары – Комил Халимов, Назир Халимов жана Али Халимов 5-июлда Тажикстандын Ооганстан менен чектеш Восе районунда атайын операция учурунда кармалышкан. Атышууда Халимовдун дагы эки бир тууганы жана эки жээни мерт болгон.

Тажикстандын атайын кызматы Сириядагы жоочуларга кошулуп кеткен полковник Гүлмурод Халимовдун туугандары чек арадан мыйзамсыз өтүү менен Ооганстанга барып, ИМ тобуна кирүүгө ниеттенишкенин билдирген.

Өткөн жумада Орусиянын Коргоо министрлиги Гүлмурод Халимов менен бирге дагы үч таасирдүү талаа командири орус авиациясынын Дейр-эз-Зордогу соккусу учурунда жок кылынганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG