Кыргызстандык Айзада Акбекова Гамбург шаарынын этнологиялык музейине тайнесинин беш канат боз үйүн белекке берди. Белекти тапшыруу Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата уюштурулду жана ага алыскы Ат-Башыдан 85 жаштагы Турду Кыдырбаева да чакырылыптыр. Германиядагы бул саамалыкка кабарчыбыз Элиза Кененбаева катышкан.