Ссылки доступа

Казакстан: Латын арибине өтүү — казак тилин «модернизациялоо» менен түшүндүрүлүүдө


Казакстан парламентинин мажлис төрагасы Нурлан Нигматулин латын арибине өтүү казак тилине гана тиешелүү болорун билдирди.

Ал казак тилин латын арибине өткөрүү — «тилди модернизациялоо» зарылдыгына байланыштуу экенин айтты. «Латын арибине өтүү — биринчи кезекте казак алфавитин жана орфографиялык эрежелерин реформалоого багытталган. Бул тилдин фонетикасы менен графикасынын дал келүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет», — деди Нигматулин.

Ал орус тилин билүү — Казакстандын жарандары үчүн «тарыхый артыкчылык» болуп эсептелерин кошумчалады.

Өлкө бийлиги жыл соңуна чейин казак тилинин бирдиктүү латын алфавитин кабыл алууну, ал эми 2025-жылга чейин мезгилдик басылмаларды, документтерди жана көчөлөрдүн аталыштарын латын арибине өткөрүүнү пландап жатышат. Айрым эксперттер мындай чараны казак маданиятына өзгөчө маани берип, Орусиянын таасиринен арылуу аракети катары карап жатышат. Казакстанда латын ариби 1929-жылдан 1940-жылга чейин пайдаланылган.

XS
SM
MD
LG