Ссылки доступа

Казакстанда УККнын мурдагы төрагасы соттолду


Акмоло аскер соту 24-августта Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Нартай Дутбаевге карата сот өкүмүн чыгарды. Сот отуруму жабык өттү. Бул тууралуу расмий маалымат бүгүн гана Казакстан Аскер сотунун сайтына жайгаштырылды.

Өкүмгө ылайык, Нартай Дутбаев мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу, кызмат абалынан ашкере пайдалануу боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал 7 жарым жылга кесилди жана өмүр бою мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылды. Мындан тышкары Дутбаедин «генерал-лейтенант» наамын жана мамлекеттик сыйлыктарын алууга сунуш берилди.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер дагы айыпталууда.

Нартай Дутбаев Улуттук коопсуздук комитетин 2001-2006-жылдарда жетектеген. 2016-жылы 26-декабрда атайын кызмат тарабынан кармалган.

XS
SM
MD
LG