Ссылки доступа

Тажик университети мыкты окуган студент кыздардын үйлөнүү тоюн өткөрүп берет


Тажик мамлекеттик коммерция университети мыкты окуган студент кыздардын үйлөнүү той чыгымдарын көтөрөрүн убада кылды.

“Алар биздин балдар эмеспи. Сабак маалында алар күйөөгө тийүү тууралуу эмес, окуу тууралуу ойлонушун каалайбыз. Ошондуктан ректорат жакшы окуган студенттердин үйлөнүү үлпөтүнүн чыгымдарын көтөрүүгө убада берди”, – деди окуу жайдын ректору Хамидуллохон Факиров.

Тажик мамлекеттик коммерция университетинин ректорунун сунушу көптөгөн студенттерге жакты. “Эгер алар сөзүнө турса, бир дагы студент кыз окуусун таштап кетпейт”, – деди Сабрина аттуу студент.

Бирок тажик социологу Марьям Давлатова окуу жай мындан көрө студенттердин аспирантурага тапшыруусуна жардам берсе жакшы болмок деп эсептейт. “Акыркы жылдары билимдүү кыздарга суроо-талап өстү. Көптөгөн ата-энелер билимдүү жана дипломдуу келин алгысы келет”, -деди ал.

Дүйнөлүк банктын баяндамасына ылайык, Тажикстанда жогорку билим негизинен калктын жакыр катмары үчүн жеткиликтүү эмес. Адистердин эсеби боюнча студенттердин 72% колунда бар үй-бүлөлөрдүн балдары болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG