Ссылки доступа

Дагы бир өзбек миллиардери тарыхый мекенинде бизнес ачат


Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин тарыхый мекенине кайтып, бизнес ачып жана кайрымдуулук долбоорлорун баштаган өзбек миллиардерлеринин тизмесин дагы бир киши толуктады. Казакстанда расмий миллиардер деп таанылган Фаттах Шодиев Өзбекстанда өз корун ачмай болду.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги өлкөдө Шодиевдин эл аралык корунун өкүлчүлүгүн каттады. Мекеменин сайтында жазылгандай, өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнүн башкы максаты — өлкө аймагындагы балдар үйлөрүнө гуманитардык жана саламаттыкты сактоо жаатында жардам берүү.

Булактардын маалыматтарына караганда, Фаттах Шодиев Өзбекстандагы бизнесин бийликке Шавкат Мирзиёев келгенден көп өтпөй баштаган. Ушул жылдын башында президент өзү барып таанышып, долбоорун жактырган Ташкент металлургия заводу Фаттах Шодиевге таандык экени кабарланууда. Дагы бир булактын маалымдашынча, Өзбекстан өкмөтү тарабынан жактырылган Tashkent City долбоору дагы Фаттах Шодиевге тиешелүү. Анын курулушу 1 миллиард АКШ долларына бааланууда.

– Ушул күндөрү Фаттах Шодиев Ташкентте жүрөт. Ал Ташкентте 20 кабаттуу соода борборун курууну пландап жатат, андан тышкары борбордо металлургиялык завод курууда, – деди булак.

Forbes журналынын версиясы боюнча Шодиев 2017-жылы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинде 1161-орун алган. Анын байлыгы 1 миллиард 840 миллион доллар деп бааланууда.

XS
SM
MD
LG