Буга чейин тажик бийлиги эгер жыйынга өлкөдө тыюу салынган Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы менен «Группа-24түн» делегациясы катыша турган болсо, ЕККУнун өлкөдөгү миссиясы биротоло жабыларын эскерткен.
11-сентябрь эртең менен тажик оппозициясынын 20 чакты тарапташы ЕККУнун Варшавадагы имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Күндүн экинчи жарымында Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланды, бирок ага расмий Душанбенин өкүлдөрү катышкан жок. Буга чейин маалымдалгандай, Тажикстандын өкмөттүк делегациясын өлкөнүн балдар акыйкатчысы Раджабмо Хабибуллозода жетектеп бармак.
Учурда Варшавада Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын делегациясы жүргөнү кабарланууда. ЕККУ жыйынында анын лидери Мухиддин Кабири сөз сүйлөйт деп күтүлүүдө. Бирок азырынча анын жыйынга келери же онлайн режимде аралыкта сөз сүйлөрү белгисиз.
Душанбе менен ЕККУнун мамилеси 2016-жылы сентябрда кескин начарлаган. Анда Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясы менен «Группа 24түн» өкүлдөрү ЕККУнун Варшавадагы жыйынына киргизилген. Алар Тажикстандагы камактагы адамдардын сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийип жүрүшкөн. Буга нааразылыгын билдирип Тажикстандын расмий делегация өкүлдөрү жыйындан чыгып кетишкен.