Мында кеп БУУ кызматкерлери ЕККУнун байкоочуларынын коопсуздугун камсыз кылуу аракеттерин согуштук тилкелерде гана эмес, уюмдун атайын мониторинг миссиясы иштеген башка аймактарда дагы көрө алары тууралуу болууда.
Буга чейин Кремль тынчтык орнотуучуларды Донбасстагы согуштук тилкелерге гана тартуу керек деген позицияны карманып келген. Ошол эле маалда БУУ кызматкерлеринин макамы менен ыйгарым укуктары куралдуу жикчилдер менен макулдашылышы дагы керек болгон.
Ошондой эле Кремлдин сайтында Путин менен Меркель Корей жарым аралындагы абал боюнча дагы өз ара пикир алмашышканы жазылган.