Ссылки доступа

Ташкент: 7,5 тонналык палоо даярдалган аянтка жөнөкөй тургундар киргизилген жок (видео)


Плов вприглядку: в Ташкенте приготовили огромное блюдо, но жителей к празднику не допустили
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

Өткөн дем алыш күндөрү Ташкенттин борборунда салмагы дээрлик жети жарым тоннага жеткен дүйнөдөгү эң көп өлчөмдөгү палоо даярдалды. Бул Гиннестин рекорддор китебинин өкүлдөрүнүн каттоосуна алынды.

Маалыматтарга караганда, 7,5 тонналык палоону көрүү үчүн шаар борборуна он миңдеген адам чогулган.

Чоң казан орнотулган аятка шаардык администрация тарабынан алдын ала таркатылган чакыруу билети барлар гана киргизилди. Чакырылгандардын арасында дипломаттар, жергиликтүү мамлекеттик телеканалдардын жана борбордогу мамлекеттик ишканалардын жумушчулары болду. Коноктордун калганы палоонун даярдалышын бир нече видеоэкрандардан көрүп турушту.

Палоону даярдоого 50дөн ашык ашпозчу катышты. Ага бир жарым тонна уйдун эти, жарым тонна койдун эти, дээрлик эки тонна күрүч, 2700 килограмм сабиз, 220 килограмм пияз, 440 литр өсүмдүк майы жана 57 килограмм туз кошулду. Тамак диаметри төрт метрден ашкан атайын казанга жасалды.

Видео

XS
SM
MD
LG