Ссылки доступа

БУУ Коопсуздук Кеңеши Пхеньянга каршы жаңы санкцияларды киргизди


БУУнун Коопсуздук Кеңеши дүйшөмбүдө Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды киргизди. Бул Пхеньяндын 3-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейинки эң күчтүү алтынчы ракеталык сыноосуна жооп болду.

Бирок Кошмо Штаттар Орусия жана Кытайдын күчтүү каршылыктарына байланыштуу айып чараларын кыскартууга аргасыз болду. Москва менен Пекин Түндүк Кореяга мунай жеткирүүгө чектөө коюу боюнча Вашингтондун сунушу жигердүү эмес экенин, тескерисинче Корей жарым аралындагы абалды туруксуздаштырарын баса белгилешүүдө.

Трамптын администрациясы катаал санкциялар аркылуу гана Пхеньяндын ракеталык-ядролук программаларын тоңдурууга мүмкүн болорун билдирүүдө.

Кабыл алынган резолюция Түндүк Кореянын текстилин экспорттоого бөгөт коет, өлкөгө табигый газ ташып кирүүгө тыюу салат жана мунай менен мунай продукцияларын сатууга чектөө киризет. Документ мындан тышкары дүйнө өлкөлөрүн Түндүк Кореяга аткезчилик жол менен кирген же чыккан товарларды көзөмөлдөөгө чакырат. Резолюцияга президент Ким Чен Ындын чет өлкөлүк сапарларына мораторий киргизүү жана активдерин тоңдуруу боюнча АКШнын талабы кошулган жок.

XS
SM
MD
LG