Ссылки доступа

ММКлар: Сирия оппозициясы Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышарын ырастады


Сириядагы куралдуу оппозиция өкүлдөрү ушул жумада Астанада өтө турган тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасына катышарын ырасташты. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Орусиянын РИА «Новости» агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, башкы тема Сириянын аймагында төртүнчү деэскалация зонасын түзүү болот деп болжолдонуп жаткан талкууларга оппозициянын катыша турганын сүйлөшүү тобунун расмий өкүлү Яхья аль-Ариди ырастаган.

Мурдараак Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы айлампасы Астанада 14-15-сентябрь күндөрү өтөрүн билдирген. Андан бир күн мурда кепил өлкөлөр эсептелген Орусия, Түркия жана Ирандын жумушчу топторунун биргелешкен жыйынын өткөрүү пландалууда.

Орусия, Түркия жана Иран тарабынан Астанадагы тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө иштелип чыккан планга ылайык, төртүнчү коопсуз аймак Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясында жайгашат.

XS
SM
MD
LG