Прокурор Фируз Холмуродзоданы 17 жылга, Фирдавс Абдугаффорзоданы – 15 жылга, Амиршо Султонзоданы – 12 жылга, Косим Давлатовду, Афзалов жана Сафарали Хомидзодаларды 7 жылга эркинен ажыратууну сурады.
Айыпталуучулар акыркы сөздөрүндө сот тарабынан адилеттүү чечим чыгарылат деген үмүттөрүн билдиришти.
Бул иш боюнча Жогорку соттогу алгачкы отурум 19-июлда башталган. Айыпталуучулардын арасында Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлеринен сырткары Бажы кызматы менен Башкы прокуратуранын дагы үч өкүлү бар.
27-июлда бул иш боюнча антикоррупциялык мекеменин мурдагы эки кызматкерине карата өкүм чыгарылган. Тажикстандын Жогорку соту мекеме директорунун мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода менен Бажы кызматынын Согди облусундагы башкармалыгынын төрага орун басары Фаридун Беназирзоданынын ар бирин 10,5 жылдан эрктеринен ажыраткан.