Ссылки доступа

Түркмөнстанда теракттын алдын алышты


Түркмөнстанда өткөн айдын соңунда атайын кызматтар теракттын алдын алышты. “Түркмөнстан хроникасы” кабарлагандай, окуя 28-августта Түркмөнбашы шаарынын портунда болгон. Атайын кызмат тарабынан шектүү эки киши кармалган.

Маалыматтарга караганда, теракт жасоого шектелип ага-инилер кармалган, алардын ысымдары аталган жок. Алар Түркмөнбашы менен Баку шаарларынын ортосунда каттаган, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуучу “Бахтияр” кемеси аркылуу жардыруучу заттарды алып өтүүгө аракет жасашкан.

Кемеде 170тей жүргүнчү жана ондогон автоунаалар болгон. Шектүүлөр жардыруучу заттарды алып кирип, бомбаны кеменин ичинде куроону көздөшкөнү жана суунун Түркмөнстанга таандык бөлүгүндө теракт уюштурууну пландашканы айтылат.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы июнь айында өлкөнүн коопсуздук органдары теракт пландалып жатканы тууралуу маалымат алышканын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG