Тажик педогогикалык университетинин ректору Носирджон Салиминин айтымында, видеокөзөмөл камералары бир гана окуу жайдын кире беришине эмес, бардык аудиторияларга орнотулду.
«Учурда сабактар кандай өтүп жатканын көзөмөлдөй алабыз жана декандар мугалимдердин ишин мурдагыдай текшерип убара болушпайт. Бир жагынан алганда, эми видеокамераларга жазылган лекцияларды сайтка жайгаштырабыз жана ал баары үчүн жеткиликтүү болот», -деди ректор.
Эн башкысы алар коопсуздукту камсыздоо үчүн орнотулган. Видеокөзөмөл камералары пара алууга дагы бөгөт болору айтылууда.