Анжияндык укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддиновдун айтымында, Өзбекстанда мындай тажырыйба биринчи жолу колдонулууда:
– Мына ушундай кат алган үй-бүлөлөрдүн бири менен сүйлөштүм. Катта 2000-жылдан бери түрмөдө жаткан баласынын жаза мөөнөтү 27-сентябрда аяктай турганы жазылган. Колониянын администрациясы ата-энесинен түрмөгө келип, баласын алып кетүүнү сураган. Мындан тышкары Анжиянда дагы бир нече үй-бүлө ушундай кат алган , –деди укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов.
Укук коргоочу бийликке президент Шавкат Мирзиёевдин келиши менен диний себептерден улам соттолгондорго жумшак мамиле жасала баштады деп эсептейт.
Буга чейин Өзбекстандын 16 миңге жакын жараны диний-экстремисттик агымдардын мүчөлөрү деп аталган кара тизмеден чыгарылган.