Ссылки доступа

Орусия шаарларында бомба коюлганы тууралуу жапырт жалган маалыматтар түштү


11-12-сентябрь күндөрү Орусиянын бир нече шаарында полицияга бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн соң мектептерде, соода-жайларда, кинотеатр жана башка мекеме-жайларда адамдар коопсуз жактарга чыгарылды. Бардык учурда имаратка бомба коюлду деген анонимдүү коңгуроодон кийин адамдарды сыртка чыгара башташкан.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин бири машыгуу жүрүп жатканын айткан. Бийлик болсо эч кандай аскердик окуу болбогонун билдирген.

  • Новый Уренгой: бомба тууралуу маалыматтан кийин вокзалда, ишкер борбору, маданият сарайы, соода борборунда эвакуация башталган.
  • Пермь: мектеп жана соода борборлорунан 5700дөн ашуун киши эвакуацияланган. Полицияга жардыруучу зат жөнүндө маалымат түшкөн.
  • Красноярск: бир эле маалда бир нече соода борборлорунда эвакуация болгон. "Шектүү бомба" тууралуу маалыматтар келген.
  • Магадан: эки кинотеатр, базар, төрт мектеп жана эки ЖОЖдон кишилер чыгарылган.
  • Южно-Сахалинск: жардыруучу зат тууралуу маалымат келген соң, соода борборлорунан, мэрия жана облустук өкмөттөн адамдар эвакуациялаган.
  • Владивосток: беш соода борбору, автовокзал жана жатаканадан кишилер чыгарылган.
  • Челябинск менен Копейск: 10 соода-көнүл ачуу борбору текшерүүгө алынган.
  • Екатеринбург: автовокзал, ишкер жана соода борборлорунан кишилер эвакуацияланган. Кимдир бирөөлөр мина коюлганы тууралуу маалымат берген.
  • Новосибирск: автовокзал, мейманкана жана клубдар текшерүүгө алынган. Бомба коюлганы тууралуу маалымат келген.
  • Ставрополь: шаар администрациясы, аймак думасы, соода борборлору, мектептер, университеттер жана жатаканалар тинтилген. "Телефон бейбашы " бомба тууралуу 42 жолу маалымдаган.
  • Уфа менен Стерлитамак: жети соода борбору.
  • Омск: шаар администрациясы, Пенсия фондунун бөлүмү, соода борборлору жана мейманканалар текшерилген. Мина коюлгандыгы тууралуу маалымат келген.
  • Брянск: Мина тууралуу кабардан кийин 10дон ашуун соода борборунда тинтүү жүргөн.
  • Рязань: 11 соода борборунан кишилер чыгарылган.

Тинтүү иштеринен кийин маалымат жалган экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG