Ссылки доступа

Европада бекер Wi-Fi түйүндөрү пайда болот


Европа биримдиги "wifi4eu" программасынын алкагында өз аймагында акысыз Wi-Fi түйүндөрүн ачууга 120 миллион евро бөлүүдө. Программанын максаты — аз калктуу райондорду интернет менен камсыз кылуу. Бул тууралуу Европарламенттин сайтында жазылган.

Чечимге ылайык, интернетке эркин кирүү мүмкүндүгүн берчү терминалдар 8 миң калктуу конушта, анын ичинде сейил бактарда, ооруканаларда, мектептерде жана коомдук транспорттордо пайда болот. Алардын ишин муниципалитеттер менен мамлекеттик мекемелер камсыз кылышат.

Евробиримдик зымсыз интернет таркатуу терминалдары 2018-жылдан тарта иштеп баштайт деп болжолдоодо.

XS
SM
MD
LG