Ссылки доступа

Орусия Түркияга С-400 зениттик комплекстерин жеткирерин ырастады


Түркия менен Орусия Анкарага ракетага каршы С-400 зениттик комлекстерин жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул маалыматты шейшембиде Кремль ырастады.

Орусия президентинин аскердик-техникалык кызматташуу маселелери боюнча жардамчысы Владимир Кожин ТАСС агенттигине берген маегинде бул келишим боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер өлкөнүн стратегиялык кызыкчылыктарына дал келерин билдирди.

Айрым ММКлардын маалыматына караганда, келишим баасы эки жарым миллиард долларга жетет жана бул Түркиянын НАТОго кирбеген өлкөдөн ири аскердик сатып алуусу болуп эсептелет.

Вашингтон С-400 комплекстеринин НАТОнун аскердик-техникалык стандарттарына дал келбей тургандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирүүдө.

Эрдоган болсо Түркия улуттук коргонуунун керектөөлөрүнө карап, өз алдынча курал-жарак жана аскердик техникаларды сатып алууга укуктуу экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG