Ссылки доступа

Тажикстанда президенттик тик учактын эпкининен аэропорт жетекчиси каза болду


Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Тоолуу-Бадахшан автономдук облусуна сапары маалында мамлекет башчынын тик учагынын эпкининен улам Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев жыгылып кетип, башы менен ташка тийген.

Маалыматка караганда, Максудшоев Дарваз райондук ооруканасына бараткан жолдо жан берген.

Хорог аэропортунун жетекчиси мамлекет башчынын Дарваз районуна жасаган сапары маалында коштоп жүргөн облустагы аткаминерлердин арасында болгон.

Жергиликтүү бийлик Дилдор Максудшоевдин өлүмүн ыксыз кокустук деп эсептешүүдө.

Хорог аэропортунун жетекчисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 14-сентябрда болот.

Эмомали Рахмон шаршембиде жумушчу сапары менен Хатлон облусунун Шамсиддин Шохин жана Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунун Дарваз районуна барган.

Окуя болгон Яхчи Сор айылы Эмомали Рахмондун сапарынын акыркы чекити болчу. Анда жайындагы селдерден жабыркаган жарандар үчүн жаңы үйлөр курулган.

XS
SM
MD
LG