Ссылки доступа

Назарбаев дем алыш күндөрү Ташкент менен Ашхабатка барат


Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев 16-сентябрда мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барат.

Назарбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу учурунда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана транспорттук-байланыш тармагындагы кызматташууну андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Сапардын алкагында бир нече документтерге кол коюлат.

Бул арада жергиликтүү медиа Казакстан президенти 17-сентябрда Түркмөнстанга барарын жазууда.

Бүгүн Нурсултан Назарбаев маалымат жыйынын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG