Мамлекеттик департаменттен билдиришкендей, Чийгоз жарым арал Орусия тарабынан оккупациялана электе болгон башаламандыктарды уюштурган деп негизсиз айыпталууда.
«Чийгозго чыгарылган өкүм — Орусиянын Крымды аннексиялоо аракетине каршы болгондугу үчүн Межлистин жетекчилерине карата көрүлүп жаткан соттук чаралардын кезектегиси болуп эсептелет», – деп айтылат билдирүүдө.
Аннексияланган Крымдын Жогорку соту 11-сентябрда крым татарларынын лидерлеринин бири Ахтем Чийгозго карата сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал 2014-жылы 26-февралда болгон башаламандыктарды уюштурган деп айыпталууда.
Буга чейин Чийгоз тез арада бошотулушу керектигин бир катар уюмдар, жарандык активисттер жана укук коргоочулар айтып чыгышкан.