Рейтингде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен калкынын 40 пайызы кайрымдуулук менен алектене тургандыгын билдирген Өзбекстан 38-орунга жайгашкан. Түркмөнстан 69чу, Кыргызстан 85чи жана Казакстан 87-орун алган.
Өзбекстан былтыркы рейтингде дагы постсоветтик мамлекеттердин ичинен эң кайрымдуу өлкө деп табылган. Анда өлкө 140 мамлекеттин ичинен 11-орунду алган.
Рейтингде биринчи орунду төртүнчү жыл катары менен Мьянма өлкөсү ээледи. Иликтөөлөргө караганда, өлкө калкынын 91% кайрымдуулук менен алектенет. Баяндамада Мьянмада көбүнчө кайрымдуулук катары монахтарга акча бере тургандыктары белгиленген.
Рейтингдин экинчи сабына Индонезия, үчүнчүгө Кения жазылган. Ошондой эле алдыңкы ондукка Жаңы Зеландия, АКШ, Австралия, Канада, Ирландия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Нидерланды кирген.