Лагердеги балдар менен аялдар жоочу күйөөлөрү менен чогуу Таль-Афар шаарынан алыс эмес жерде күрд күчтөрүнө кармалганы маалымдалган. Күрддөр аялдар менен балдарды ирак аскерлерине өткөрүп беришкен. Reuters кабарлагандай, алардын арасында аз санда француз жана немис жарандары дагы бар.
Иракта жүргөн Качкындар маселеси боюнча норвегиялык кеңештин өкүлү Мелани Маркхэм ирактык аскерлер убактылуу лагердеги аялдар менен балдардын толук тизмесин түзгөнүн билдирди. 31 үй-бүлө Тажикстандан, 16сы Өзбекстандан келгенин ырасташкан.
Анын айтымында, ар бир тажик үй-бүлөдө экиден алтыга чейин киши бар. Ал котормочулар жок болгондуктан сүйлөшүү кыйынга туруп жатканын, көбүнүн документтери жок экенин кошумчалады.
Тажикстан бийлиги ИМ жоочуларынын үй-бүлөлөрүн кайтарууга ниеттенүүдө.