Ссылки доступа

Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгүнүн бузулушуна каршы санкцияларды узартты


Евробиримдик Украинанын суверендүүлүгүн бузууга катышы бар кишилерге жана уюмдарга карата санкцияларды узартты. Чектөө чаралары дагы алты ай – 2018-жылдын 15-мартына чейин күчүндө болот. Брюсселден билдиришкендей, Украинадагы кырдаалга баа берилгенден кийин Европа Кеңеши санкцияларды жокко чыгарууга себеп тапкан эмес.

Санкциялык тизмеге 149 физикалык жана 38 юридикалык жак киргизилди. Алардын арасында орусиялык саясатчылар, коомдук ишмерлер, өзүн Донецк жана Луганск элдик республикасы деп жарыялап алган аймактардын жетекчилери менен жикчилдердин өкүлдөрү бар. Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси Анатолий Антонов дагы чектөөлөр алдында калды. Ошол эле маалда мурдагы тизмеден маркум төрт киши чыгарылды.

Посол России в США остался под санкциями Евросоюза
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

Евробиримдик 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Орусияга каршы санкция киргизген. Августта аралга Siemens турбиндерин жеткирүү жаңжалынан кийин чектөөлөр кеңейтилген. Москва Украинага карата агрессияны жана Донбасстагы жикчилдерди колдогонун четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG