Ссылки доступа

Өзбекстанда жарандардан тартып алынган үйлөр милиционерлерге берилүүдө


Ташкентте 150дөй инспектордун ант берүү аземи өттү. Анын жүрүшүндө тартип сакчыларына жеңилдетилген насыя менен батир жана унаалардын ачкычы тапшырылды.

Ташкенттик журналист Алексей Волосевич маалымдагандай, бул батирлер ар кыл себептер менен убагында жарандардан тартылып алынган. “Өзбек укук коргоо органдары милиционерлерди үй менен камсыздоо керек деген президенттин тапшырмасын аткарды десек болот. Эми 137 “притонду” аныктап, батирлерди мамлекеттин карамагына өткөрүү маселеси калды”,– деди журналист Алексей Волосевич.

Өзбекстан ИИМине чарба буюмдарын жана кызматкерлерге форма жеткирген фирма өкүлүнүн айтымында, министрликте үй сатып алгыдай каражат жок, жергиликтүү бийликте болсо бош батирлер калган эмес:

– Буга байланыштуу жогору жактагы жетекчилер менен макулдашып, жарандардан конфискация болгон батирлерди жана автоунааларды милиция кызматкерлерине берүү чечими кабыл алынган. 10-сентябрда ИИМдин 150 өкүлү үй алды. Жыл соңуна чейин укук коргоо органдарынын 500дөй кызматкери батир менен камсыз болот, – деди ал.

XS
SM
MD
LG