Ссылки доступа

Орусия Сирияда төртүнчү коопсуз зона түзүүгө аз калганын билдирди


Орусия Астанадагы Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө кезектеги коопсуз зоналарды түзүү боюнча макулдашуу кабыл алууга аз калганын билдирди.

Александр Лаврентьев Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдө кепил өлкөлөр – Орусия, Иран жана Түркия деэскалация зоналары боюнча келишимге кол коюуга өтө жакындашканын айтты.

Астана сүйлөшүүсүнүн катышуучулары Түркия менен чектеш Идлиб провинциясында коопсуз зона түзүү планын иштеп чыгууну көздөшүүдө. Буга чейин Сирияда Орусия тарабынан үч коопсуздук зонасы түзүлгөн.

Алты жылга созулган жарандык согушта 330 миң кишинин өмүрү кыйылды. Орусия менен Ирак Сириянын президенти Башар Асаддын өкмөтүн колдосо, Түркия менен Кошмо Штаттар ар кыл козголоң топторду кубаттап келет.

Орусиянын аскер чиновниктери буга чейин Москва ок атышууну токтотуу режиминин сакталышына байкоо салуу үчүн Идлиб провинциясына аскер полициясын жөнөтүүнү көздөп жатканын, бул деэскалация планынын бир бөлүгү экенин маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG