Ссылки доступа

СДПТ: Ислам кайра жаралуу партиясы менен кызматташ эмеспиз


Тажикстандын Социал-демократиялык партиясынын лидери Рахматилло Зоиров саясий уюмдун Тоолуу-Бадахшандагы бөлүмүн жетектеген Алим Шерзамоновдун Тажикстан Ислам кайра жаралуу партия тарабынан уюштурулган Варшавадагы жыйынга катышып, анда сөз сүйлөгөнүн айыптады.

Ал партиялашынын бул аракетин олуттуу саясий жана идеологиялык ката деп атап, маселе жакынкы күндөрү партиянын саясий кеңешинде талкууланарын билдирди.

Зоировдун айтымында, Тажикстандын Социал-демократиялык партиясы Ислам кайра жаралуу партиясы менен 2013-жылдан бери кызматташпай калган.

Алим Шерзамонов бир канча күн мурда Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясы тарабынан уюштурулган «Эгемендүүлүктөн репрессияларга чейин» деп аталган жыйынга социал-демократтар партиясынын төрага орун басары катары катышкан.

«Шерзамонов биздин партиянын төрага орун басары эмес. Ал партиянын Тоолуу-Бадахшан автономдук облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси. Ал бул иш-чарага катыша тургандыгы жөнүндө партия жетекчилигине билдириши керек эле. Шерзамонов социал-демократтардын атынан эмес, өзүнүн атынан гана сөз сүйлөөгө укуктуу», - деп белгиледи Рахматилло Зоиров.

XS
SM
MD
LG