Ссылки доступа

Казакстан менен Өзбекстан магистралдык мунай түтүгүн курат


Казакстан менен Өзбекстан 2021-жылга карата Шымкент-Жизак магистралдык мунай куурун куруу жана ишке берүү тууралуу макулдашууга келди. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазышты.

Долбоор энергетика тармагында кызматташуу тууралуу эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимдин алкагында ишке ашырылат.

Документке ылайык, тараптар кубаттуулугу жылына 5 миллион тоннаны түзгөн Шымкент-Жизак мунай куурун куруу жана пайдаланууга берүү боюнча пландардын ишке ашырылышына жагымдуу шарттарды түзүшү керек.

Маалымат боюнча мунай куурун долборлоо, каржылоо жана куруу иштерин тараптардын ыйгарым укуктуу мекемелери өз аймактарында аткарышат

XS
SM
MD
LG