Ссылки доступа

“Акыйкат шайлоо үчүн кыймылы” президентке жана БШКга кайрылды


Тажрыйбалуу саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден түзүлгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзамсыздыкка чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага, өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылуу жолдоп, кат тапшырышты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган кыймылдын мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдирди.

Анда мурдагы муфтий, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун эл менен жолугушууларынын биринде КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, сөз сүйлөгөнү мыйзамсыз экени белгиленген.

Жээнбековдун эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун талапкерди колдоп, башкаларды да добуш берүүгө үндөп сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Кыймылдын кайрылуусунда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү боюнча да чара көрүү талабы айтылган.

Зилалиев 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуу учурунда бийликтин талапкерин колдорун айтып, чогулгандарга аны колдоо боюнча жеке суранычын келтирген. Кийинчерээк жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" үналгысына комментарий берип, өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген.

21-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, аны шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөөдөн четтетти. Штабды жетектөө милдети коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөлдү.

"Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG