Ссылки доступа

Назарбаев Алматы Кыргызстан менен Тажикстандан беш эсе бай экенин айтты


Алматы ири экономикалык борбор катары калыптанып, дүйнөлүк деңгээлдеги казакстандык мегаполис болду. Бул тууралуу Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бул шаарга жасаган жумушчу сапары учурунда билдирди.

Акордо тараткан билдирүүгө ылайык, Казакстан башчысы эгемендүүлүк алган жылдардан бери шаардын экономикасы өскөнүн белгилеген.

“Мага берилген эсептерге ылайык, учурда Алматынын экономикасы Грузиянын ИДПсынан эки эсе жана Кыргызстан менен Тажикстандыкынан дээрлик беш эсеге жогору. Бул шаардын эле эмес, бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнүн көрсөткүчү”, - деген Назарбаев Алматы республикалык бюджеттин донору экенин кошумчалады.

2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын ИДПсы 458 млрд сом же 6,6 млрд долларды түзгөн. Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн көрсөткүчү – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн.

XS
SM
MD
LG