Ссылки доступа

Telia компаниясы Өзбекстанда пара бергендиги үчүн 965 млн доллар айыппул төлөйт


Өзбекстанда Ucell бренди менен иштеген швециялык Telia (мурдагы TeliaSonera) телекоммуникациялык компаниясы АКШда 965 миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөйт. Бул компаниянын Өзбекстандагы коррупциялык иштери боюнча дооматтарды бир жаңсыл кылууга байланыштуу экени кабарланууда. Bloomberg басылмасы жазгандай, мындай чечим бейшембиде Нью-Йорктогу сот отурумунда кабыл алынган.

Telia 965 миллион доллардын 548 миллионун АКШнын Юстиция министрлигине, калган 417 миллионун Кошмо Штаттардын Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясына төлөп берет. Юстиция министрлиги ала турган сумманын жарымын Нидерландынын прокуратурасына, Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссия Швециянын прокуратурасына беришет.

АКШда жана Европанын бир канча өлкөсүндө Telia операторуна карата антикоррупциялык иликтөө иштери 2014-жылы башталган. Анда АКШнын Юстиция министрлиги менен Баалуу кагаздар жана биржалар боюнча комиссиясы компания Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага жакын түзүмдөргө мыйзамсыз акча которгон деген шектенүүлөрүн билдиришкен. Буга байланыштуу швециялык компаниянын Швейцария, Бельгия жана Люксембург банктарында сакталган 850 миллион доллары тоңдурулган.

Антикоррупциялык иликтөө иштери Telia компаниясынан тышкары VimpelCom Ltd. жана Mobile TeleSystems операторлоруна карата дагы жүргүзүлгөн.

2016-жылы февралда Өзбекстандагы коррупциялык айыптоолорго байланышкан дооматтарды бир жаңсыл кылуу үчүн VimpelCom АКШ жана Нидерланды бийликтерине 795 миллион доллар төлөп берүүгө макул болгон. Сотто белгилүү болгондой, Telia телекоммуникациялык компаниясы 2007-жылдан 2010-жылга чейин Гүлнара Каримовага таандык болгон делинип жаткан Takilant компаниясынын эсебине бир канча миллион доллар которгон. Прокурорлордун билдиришинче, компания өкүлдөрү президенттин кызына Өзбекстандагы туунду байланыш операторлоруна иштөө лицензиясын алуу үчүн пара беришкен.

Telia жана АКШнын Юстиция министрлигинин ортосунда келишилген макулдашууга ылайык, алдыңкы үч жылда швециялык компания бул иш боюнча тергөө менен кызматташат жана белгилүү бир адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам берет.

XS
SM
MD
LG