Азиада сайтынын маалыматтарына караганда, 24-сентябрга карата түрмөн спортчулары 194 медаль алды, алардын 77 – алтын, 54 –күмүш, 63 – коло.
Иран 73 медалга ээ болду, 20 –алтын, 15 –күмүш, 43 – коло.
Түркмөн курама командасы алтындардын көбүн бел күрөш жана улуттук күрөштө багындырды.
Азия оюндарынын расмий эмес медалдар жыйынтыгында Кыргызстан 34 медаль алды.
Жабык жайдагы жана таймаш өнөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрда аяктайт.