Ссылки доступа

Тажик мигранттары рохинжа мусулмандарына жардам көрсөттү


Орусиядагы “Тажик фонду” кайрымдуулук уюму Бангладешке качып барган мьянмалык 700 мусулман рохинжаларына азык-түлүк жана каржылай жардам көрсөттү.

Маалыматтарга караганда, уюм дагы 700 үй-бүлөгө жардам көрсөтүп, 15 үй-бүлөгө жатуу үчүн жай камдоого аракет жасайт.

“Тажик фонду” жардамды тажик мигранттарынан чогулткан. Бирок канча каражат топтолгону айтылган жок. Азык-түлүк топтомуна эмнелер киргени жана ар бир үй-бүлө канча суммадан акча алганы белгисиз.

БУУнун эсеби боюнча Мьянмадан коңшулаш Бангладешке качып барган рохинжа этникалык азчылыктардын саны 400 миңдин тегерегин түзөт. Өлкөдөгү буддистер менен мусулмандардын ортосундагы кагылышуу 25-августта күч алган.

Көтөрүлушчүлөр полиция блокпостторуна кол салгандан кийин Мьянма бийлиги Ракхайн штатында аскер операциясын баштаган. Кагылышуу учурунда 400дөй киши мерт кеткен. Карапайым калк арасында курмандыктар бар экени жана үйлөр өрттөнгөнү кабарланган.

Конфликт в Мьянме глазами граждан Таджикистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

XS
SM
MD
LG