Ссылки доступа

Тажикстанда «адамдарды кулчулукка саткан» үч компанияга кылмыш иши козголду


Тажикстандын Башкы прокуратурасы өлкө жарандарын Сауд Арабиясына жумушка орноштуруу менен алектенген үч компанияга карата кылмыш ишин козгоду. Мекемеден билдиришкендей, ал өлкөгө барган тажикстандыктар эмгек кулчулугуна кабылышкан.

Маалыматка караганда, кылмыш ишинде айыпталуучу катары «Жамол-2012», «Имкон-2015» жана «Абдулкарим» компанияларынын жетекчилери өтүүдө. Алар 2016-жылы жана 2017-жылдын биринчи жарымында Сауд Арабияга бир нече тажикстандыкты, анын ичинде эки аялды эмгек миграциясына жөнөтүшкөн. Бирок кол коюлган келишимдерге карабастан алар жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө бекер иштешкени кабарланууда.

Учурда үч компаниянын жетекчилигине карата козголгон кылмыш иши Кылмыш кодексинин «адам сатуу» беренеси боюнча тергелүүдө.

Быйыл июнда Тажикстандын Шамсия Асаналишова аттуу 46 жаштагы жараны тажик ТИМинин көмөгү менен Сауд Арабиясындагы эмгек кулчулугунан куткарылып, мекенине кайтарылган. Ал чет өлкөлүк жумуш берүүчүлөрдүн үйүндө кыйноолорго кабылганын айткан.

XS
SM
MD
LG