Ссылки доступа

БШК шайлоо бюллетендерин басып чыгара баштады


Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого бюллетендерди басып чыгара баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бюллетендерди басып чыгаруу жараянына БШК мүчөлөрү жана шайлоо комиссиясынын аппарат кызматкерлери байкоо салышууда. Талаптарга жооп бере тургандыгын сыноо максатында саат сайын документтин бланктары автоматтык добуш саноо үкөктөрүндө болжолдуу тестирлөөдөн өткөрүлүүдө.

Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө 10 жумушчу күн калгандан кеч эмес убакта даярдалат. Алардын сакталышын ИИМ жана УКМК кызматкерлери камсыз кылышат.

Кыргызстан боюнча жалпысынан 2375 шайлоо тилкеси ачылды. 25-сентябрга карата шайлоочулардын саны 2 млн 919 миң 729 адамды түзөт.

XS
SM
MD
LG