Ссылки доступа

"Коммерсантъ" Орусия Коргоо министрлигиндеги рекорддук өлчөмдөгү пара тууралуу жазды


Полковник Александр Вакулин жеке компаниялар менен келишим түзүүдөгү колдоосу үчүн 368 миллион рубль өлчөмүндө пара алган деген шек менен октябрдын аягына чейин тергөө абагына камакка алында. Бул тууралуу шейшембиде "Коммерсантъ" жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, бул Орусия Коргоо министрлигинин тарыхындагы рекорддук өлчөмдөгү пара болуп эсептелет.

Коргоо министрлигинин азык-түлүк башкармалыгынын техникалык камсыздандыруу бөлүмүнүн 46 жаштагы башчысы коргоо мекемеси үчүн атайын техникаларды сатып алуу боюнча келишим түзүүгө жардам берүү үчүн пара алган деп шектелүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча полковник андан тышкары бизнесмендерди «калкалоо» үчүн дагы пара алган.

Вакулиндин иши менен өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү Виталий Данилов алектенүүдө. Буга чейин ал "Оборонсервис" компаниясына байланышкан ишти тергеген.

2012-жылы октябрда «Оборонсервис» компаниясындагы алдамчылык фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон. Анда Коргоо министрлигинин Мүлктүк мамилелер департаментинин башчысы Евгения Васильева ири алдамчылыкка, акчанын изин жашырууга жана кызмат абалын кыянат пайдаланууга күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Бирок ал бир айдан кийин эле мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

XS
SM
MD
LG