Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев мыйзам долбоору казакстандык туристтердин укуктарын коргоо үчүн даярдалганын жана чет өлкөгө чыккан туристтердин мүлккө катыштуу кызыкчылыктарын камсыздарын айтты.
“Туристтик операторлор чет өлкөгө чыга турган туристти милдетүү камсыздандыруу программаларынын бири боюнча бара турчу мамлекетине жана кала турган күнүнө жараша камсыздандырат”, -деди ал.
Мыйзам долбоорунда милдеттүү жана ыктыярдуу камсыздоо омбудсмендеринин укуктарын кеңейтүү каралган. Казакстанда кепилдик омбудсмени 2008-жылдан бери иштейт.